«ЭлТР» мамлекеттик телерадио компаниясынын жамааты жаңы дайындалган жетекчиге нааразы болушуп, иш таштоого барарын билдиришти. Бул тууралуу телеканалдын жамааты Бишкек жана Ош шаарындагы корпустук телекөпүрө учурунда маалымдашты.
Алардын айтымында, ЭлТР телеканалынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызматтан негизсиз алынган. Анын ордуна башкы директор катары Шаиста Шатманова келген. Бирок телеканалдын жамааты бийлик өкүлүнө каршы чыгышып, Оштогу башкы кеңсе жана Бишкектеги корпусу телекөпүрө уюштурган.
Кызматкерлер: «СДПКдан депутаттыка аттанган «Супер-Инфо» гезитинин мурунку директору Шаиста Шатманова бизге жетекчи болбосун. Эгер азыркы Убактылуу Өкмөт сөзүбүздү укпаса иш таштоого чейин барабыз», — дешүүдө.