Биз менен байланышыңыз

Нариман Түлеев кызматтан баш тартты

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 805 | 0

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри, мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев кызматтан баш тартты. Бул боюнча Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирүү таратып, Нариман Түлеевдин калкка кайрылуусун жарыялады.

Аталган кайрылууда Нариман Түлеев кызматка Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун өтүнүчү менен келгенин, шаарды экономикалык кризистен чыгарып кетүү, парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризисти турукташтырууга салым кошуу, алдыда күтүлүп жаткан COVID-19 илдетине ыкчам даярдыктарды көрүү, Бишкек шаарын өркүндөтүүгө бар күчүн жумшоо сыяктуу максаттары болгону маалымдалат. Тилекке каршы, кечээ, 21-октябрдагы айрым тараптардын чыгарган тополоңу бул кызматтан баш тартууга аргасыз кылганын, себеби өлкөдө, анын ичинде Бишкек шаарында башаламандык жаралып кетүүсүн каалабаганын айткан. Ошондой эле өзүн колдогон тарапташтарга, шаардын тургундарына ыраазычылык билдирген.

Маалым болгондой, мурдагы биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев кайрадан өзүнүн кызматын улантуу менен бирге, мэрдин милдетин убактылуу аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM