Биз менен байланышыңыз

Парламент шайлоо босогосун түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 459 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоордун демилгечилери — Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев жана Абдывахап Нурбаев.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Сулайманов, алар шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, алардын мыйзам долбооруна ылайык шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.

Сулайманов билдиргендей, азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алса, шайлоо күрөөсү кайтарылып берет. Эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM