Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 644 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.

Комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын баары Токтогазиевдин талапкерлиги үчүн добуш берди.

Эми Токтогазиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Буга чейин аталган кызматты Эркинбек Чодуев ээлеп келген.

Айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиев сунушталды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM