Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо өткөрүүнүн күнү бекитилди

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 1436 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүү күнүн 20-декабрга белгиледи. Буга байланыштуу өкмөт атайын каражат бөлүп, укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздашы керек. Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча шайлоого канча акча бөлүнөрүн айта элек.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгону белгилүү. Жыйынтыгына нааразы болгон тараптар тынчтык митингин өткөрүп, анын акыры массалык башаламандыкка айланган. Андан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

БШК буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү — шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилгенден кийин белгиленерин билдирген.

21-октябрда Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого баллын 3 пайызга түшүрүү сунушу парламенттин жыйынында талкууланат. Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Депутат Алтынбек Сулайманов Бишкекте өткөн жыйында айткандай, парламенттин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду.

Демилгечилер парламентке өтүүнүн босого баллын азайтууну, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүүнү, «Форма-2» ыкмасын жокко чыгарууну буга чейин да сунушташкан.

Copyright © 2017 Maral FM