Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорк: Шайлоодон кийин башаламандык болуп кетиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 236 | 0

Нью-Йорк шаарынын администрациясы 3-ноябрда АКШнын президентин шайлоодон кийин башаламандыктар болушу мүмкүн деп эсептейт жана ага даярданып жатат. Бул тууралуу калаа мэри Билл де Блазио билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп шайлоодо утулуп калса, бийликти тынч өткөрүп берерин айткан.

Нью-Йорктун калкынын көпчүлүгү «Демократтар» партиясын жана анын талапкерлерин колдоп келишет.

«Эгерде президент Трамп демократияны бузуп, адамдардын каалоосун токтотууга аракет кылса, Нью-Йорктун тургундары көчөгө чыгып, ага каршы күрөшө алышат. Бирок ошол эле учурда Трамптын тарапкерлери да нааразычылыгын билдириши мүмкүн», — деди де Блазио.

Мэр башаламандыкка даярдыкты шаардык полициянын башчысы Дермот Ши менен талкуулаганын айтты.

«Мен бул шайлоодогу добуштардын узак болуп же кайра санала тургандыгына таң калбайм. Көп адамдар өз оюн айтууга аракет кылышат. Нааразычылык билдирүү укугун коргошубуз керек. Биз көптөгөн нааразычылык акцияларын күтөбүз жана буга даяр болушубуз керек», — деди мэр.

Анын айтымында, кимдир бирөө күч колдонууга аракет кылса, бийлик аны токтотушу керек.

Буга чейин Нью-Йорктун полиция башчысы офицерлерге президенттик шайлоого чейин жана андан кийин боло турган башаламандыктарга даяр болууну тапшырган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Азыр бир катар штаттарда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Шайлоого учурдагы президент Дональд Трамп жана «Демократтар» партиясынан талапкер Жо Байден катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM