Биз менен байланышыңыз

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулайт

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 337 | 0

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого баллын 3 пайызга түшүрүү сунушу парламенттин жыйынында талкууланат.

Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Депутат Алтынбек Сулайманов Бишкекте өткөн жыйында айткандай, парламенттин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду.

20-октябрда Бишкекте бир топ саясий партиялар, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын талкуулашты.

Демилгечилер парламентке өтүүнүн босого баллын азайтууну, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүүнү, «Форма-2» ыкмасын жокко чыгарууну буга чейин да сунушташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM