Биз менен байланышыңыз

Жапаров Жээнбеков жойгон Антикоррупциялык кызматтын ишин жандантты

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 491 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандырды. Тиешелүү жарлыкка 16-октябрда кол коюлган.

Антикоррупциялык кызмат коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык иштеп турат.

Эск-президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда отставкага кетер алдында Антикоррупциялык кызматты жоюу боюнча жарлык чыгарган эле. Жапаровдун жарлыгы менен ал документ күчүн жоготту.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM