Биз менен байланышыңыз

УКМК: Матраимов мамлекетке 2 млрд сом төлөп берүүгө даяр

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 2332 | 1

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөнүн бюджетин 2 миллиард сомго жакын чыгымга учуратканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташа турганын айтып, жогоруда аныкталган сумманы атайын түзүлгөн графиктин алкагында, ушул жылдын ноябрь айына чейин төлөп берерин билдирген. Мындан тышкары, 80 миллион сомду УКМКнын депозиттик эсебине которгон.

Бүгүн аталган сумманын бир бөлүгүн төгүп бергендигине байланыштуу Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан каралат.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бажы органдарындагы коррупция боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Райымбек Матраимов баштаган 40ка жакын адамдын мыйзамсыз коррупциялык иштери аныкталып, аталган орган тарабынан издөө жарыяланган. Бүгүн, 20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

1 пикир

1 пикир

  1. Нурсултан

    20.10.2020 23:49

    2 мллард аз 10 мллард толотуп койобериш керек камаганда пайда жок Акча керек пандемия кучоп жатканда

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM