Биз менен байланышыңыз

Экотехинспекциянын мурдагы директору Жолдошбек Жунушев кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 575 | 0

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку директору Жолдошбек Жунушев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик курулуш тармагын көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Жолдошбек Жунушевдин жетекчилиги алдында коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында коррупциялык ишке тиешеси бар алты адам аныкталган. Жунушев мыйзамсыз алынган каражаттардын белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы айтылат.

20-октябрда Жолдошбек Жунушев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM