Биз менен байланышыңыз

Алканова: Матраимов «Кудайдын алдында тазамын»,- деп жатат

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 2239 | 0

«Мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын, Кудай алдында тазамын», — мындай пикирин Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов билдиргенин «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын жазгандарына таянсак, Матраимовдун жакындары Кыргызстанда мыйзам иштебесин айтышып, өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөшкөн. Бирок ага макул болгон эмес.

«Бүгүнкү саясий, экономикалык кризиске, кырдаалга Райымбек Матраимовду жалгыз себепкер кылып, элди тынчытам деген максаты барлар көп экен. Матраимовго жакындарынын бир бөлүгү бул жакта мыйзам жок, четке кетип кал деп айтышты, бирок ал киши мыйзамдын астында өзүм жооп берүүгө даярмын, бүт жерди текшерсин, Кудайдын алдында колум таза деп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда.

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканова Райымбек Матраимов УКМКга сурак берүүгө өзү келгенин билдирген.

2019-жылдын ноябрь айында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы иликтешкен.

Андагы жемкорлуктун натыйжасында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени, буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Андан кийин УКМК журналисттик иликтөөнүн негизинде Райымбек Матраимовду күбө катары суракка алган. УКМК атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды териштирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM