Биз менен байланышыңыз

25-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Без рубрики | 20 Окт 2020 | 293 | 0

Кыргызгидромет борбору 21-октябрдан 25-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-24-октябрь күндөрү түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 22-23-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

Бишкекте 21-22-октябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

23-24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

25-октябрда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз жана 23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз, 24-октябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 22-23-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-22-23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт.

25-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда күндүз жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 22-23-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

21-22-23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 23-октябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.

24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.

25-октябрда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 23-24-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-22-23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн.

24-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 22-24-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM