Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусия белек кылган ИВЛ аппараттарды жок кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 780 | 0

АКШнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча федералдык агенттиги март айында Орусия белек кылган 45 ИВЛ аппаратты жок кылды. Бул тууралуу «BuzzFeed» билдирди.

Маалым болгондой, Орусия март айында «Орусиядан сүйүү менен» деген жазуусу бар кутучаларга 45 ИВЛ аппаратын жана башка медициналык каражаттарды жөнөткөн. Алар Нью-Йорк жана Нью-Джерсидеги ооруканаларга таратылган. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам бейтаптарды дарылоодо колдонулган эмес. Себеби жабдууларды колдонуу үчүн атайын адаптерлер керек болчу, тилекке каршы, ооруканаларда андай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эмес. Мындан улам жабдууларды жарактан чыгарууга аргасыз болушкан.

Ошол эле учурда аталган аппараттын бир нече модели Орусиянын ооруканаларында өрттөнүп кетип, андан кийин аларды өндүрүү токтоп калган. Бул жабдуунун өндүрүүчүсүнө АКШ санкция киргизди.

Айта кетсек, АКШда коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 8,5 миллионго жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM