Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын экспорту 1,1 миллиард долларга кыскарды 

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 262 | 0

Өзбекстандын Борбордук банкы 2020-жылдын 9 айындагы төлөм балансынын күндөлүк эсебинин алдын ала көрсөткүчтөрүн даярдады.

Ага ылайык, 9 ай ичинде төлөм теңдеминин күндөлүк эсебинин тартыштыгы 663 миллион долларды түзүп, 2019-жылдын 9 айына салыштырмалуу 63 %га төмөндөгөн (1,8 миллиард доллар).

«Бул кырдаал экспортко салыштырмалуу импорттун олуттуу кыскарышы, эл аралык акча которуулардын өткөн жылдын деңгээлинде сакталышы, ошондой эле дүйнөлүк рынокто алтындын кымбатташы сыяктуу себептер менен түшүндүрүлөт», — деди Борбордук банк.

Энергиянын дүйнөлүк баасынын төмөндөшү, ошондой эле коронавирустук пандемиянын кесепетинен глобалдык экономиканын басаңдашы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун көлөмүнө таасирин тийгизди. Тактап айтканда, аталган тармактын кирешеси 11,8 миллиард долларды түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,1 миллиард долларга азайган ( 12,9 миллиард доллар).

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту 16,1 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 миллиард долларга (19,5 миллиард доллар) азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM