Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү: Колуна кишен салынган Райымбек Матраимов

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 903 | 0

Интернетте колуна кишен салынган Райымбек Матраимовдун сүрөтү тарады.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан бүгүн, 20-октябрда кармалган. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлаган.

Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери башталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканованын айтымында, Райымбек Матраимов УКМКга сурак берүүгө өзү келген.

2019-жылдын ноябрь айында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы иликтешкен.

Андагы жемкорлуктун натыйжасында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени, буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM