Биз менен байланышыңыз

Семетеев кыска убакыттын ичинде бизнестеги көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 404 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев бизнес коомунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Семетеев бажы кызматынын алгачкы тапшырмаларынын бири — тышкы инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу экенин айтты.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн чек араларынын жабылышы бажы түшүүлөрүнүн динамикасына жана бизнес чөйрөсүнүн ишмердигине терс таасирин тийгизген.

Жолугушууда бизнестин өкүлдөрү өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтышты. Семетеев тиешелүү кыска мөөнөттүн ичинде бизнес чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды.

Кадыржан Семетеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен 19-октябрда дайындалган.

Буга чейин Кадыржан Семетеев Бажы кызматынын пост-бажылык көзөмөл департаментинин башчысы болгон.

Садыр Жапаровдун өкмөтү бекитилип жатканда Бажы кызматынын төрагалыгына Элнура Мамбетжунушеванын талапкерлиги сунушталган. Жапаровдун 19-октябрдагы жарлыгы менен Элнура Мамбетжунушева Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM