Биз менен байланышыңыз

Жапыкеев: Майда иштерди эмес, ири коррупциялык фактыларды иликтейбиз

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 2252 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Сыймык Жапыкеев эмгек жаматы менен жыйын өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жапыкеев анда сөз сүйлөп жатып, Финансы полициясы майда-барат иштерди эмес, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргендерди аныктоого көңүл бурушу керек экенин айтты.

Ал Финполдун аймактагы бөлүмдөрүндө ишти күчөтүүнү, экономикалык коопсуздукту бекемдөө, таза бизнести ишенимдүү коргоону камсыздоо боюнча тапшырмаларды берди.

«Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев Финансы полициясынын төрагалыгына президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан 17-октябрда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM