Биз менен байланышыңыз

Эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 1183 | 0

Жалал-Абад шаарынан эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жарандар 19-октябрь күнү жергиликтүү ишкерлердин бирине кол салып, 400 миң сомун тартып алышкан. УКМК кызматкерлери менен ИИМ кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ыкчам издөө аракеттеринин аркасында колго түшкөн эки адамдын жанынан уурдалган акчалар, жасалма чет элдик валюталар, ток урдуруучу аппарат (электрошокер), бычак сыяктуу курал-жарак табылган.

Кылмышка шектүү жарандар Сириянын аймагындагы согуштук-террордук топтордун мүчөлөрү болушкан. Алар эл аралык террордук топтордун башчыларынын көрсөтмөсү менен карапайым жарандарды карактап, тапкан каражатты аталган топторго жөнөтүп туруу максатында Кыргызстанга келишкен.

Алынган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмышка шектүүлөр учурда Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгынын тергөө жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM