Биз менен байланышыңыз

УКМК: Райымбек Матраимов кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 1927 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан бүгүн, 20-октябрда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды.

Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери башталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Элнура Алканованын айтымында, Райымбек Матраимов УКМКга сурак берүүгө өзү келген.

2019-жылдын ноябрь айында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы иликтешкен.

Андагы жемкорлуктун натыйжасында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени, буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

25-ноябрда Бишкек шаарында коомчулук иликтөөдө айтылган фактылардын негизинде тийиштүү адамдарга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Алар Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышкан.

Андан кийин УКМК журналисттик иликтөөнүн негизинде Райымбек Матраимовду күбө катары суракка алган. УКМК атып өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды териштирген.

Copyright © 2017 Maral FM