Биз менен байланышыңыз

Пандемиянын шартында бир гана өлкө калыбына келүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 485 | 0

Кытай экономикасы — коронавирустук кризистен чыгууну уланткан дүйнөдөгү жалгыз экономика. Республиканын ички дүң өнүмү III чейректе өткөн жылга салыштырмалуу 4,9% өстү. Бул тууралуу «Bloomberg» билдирди.

«Чекене сатуу да, өнөр жай өндүрүшү да сентябрь айынан баштап бышып, базарларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына ынандырууда», — деп айтылат баяндамада.

Бул көрүнүштүн себеби коронавирустун жайылышына өз убагында жана агрессивдүү жооп кайтаруу менен байланыштуу деп белгиленет.

«Бул — дүйнө жүзүн кубаттандыруучу билдирүү. Эгерде саламаттыгыңызды ийгиликтүү башкарсаңыз, анда экономикаңыз калыбына келиши мүмкүн», — деди Сингапурдагы «Nomura Holdings Inc» компаниясынын глобалдык макро изилдөө бөлүмүнүн башчысы Роб Суббараман.

Маалым болгондой, Кытайдын Циндао шаарында оорунун үч симптомсуз учуру табылгандыктан, бир нече күндүн ичинде COVID-19га дээрлик 10 миллион анализ жасалды. Жаңы позитивдүү жыйынтыктар катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM