Биз менен байланышыңыз

Атмосферанын жогорку катмарында мобилдик антенна сыналды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 234 | 0

Мобилдик байланыш жер-жерлерде алыскы аймактарга дагы жетет.

«Deutsche Telecom» компаниясы Жердин стратосферасындагы аба базасынын станциясын сынап көрдү. Бул сынак  дүйнөнүн мобилдик тармактары жок алыскы аймактарына келечектеги байланышты камсыз кылары болжолдонууда.

Германиялык жана британиялык илимпоздордун бул сыноосу 14 чакырымдык учкучсуз учуучу аппаратты антенна аркылуу жердеги 4G түйүнүнө туташтырууга болорун далилдеди.

Мурунку сыноодо авиабаза станциясы 100 чакырым алыстыкта ​​болуп, жердеги смартфондун колдонуучусунан үн жана видео чалууларды кабыл алып, интернетте колдоно алган.

«Биз жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланышты каалаган жерге жеткире аларыбызды далилдедик», —  деди «Deutsche Telecom» компаниясынын эксперти.

Бул аба антенналары спутниктерге караганда ылдамыраак жана арзаныраак болсо да, аларды бийиктикте кармоо дизайн көйгөйлөрүн жаратат. Суутек отуну аба антенналарын иштетүү үчүн колдонулуп, экологиялык жактан коопсуз жана калдык катары суу буусун гана бөлүп чыгарат.

Бул тажрыйбаны иш жүзүндө колдонуу 2024-жылга чейин созулушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM