Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиев менен Калмуратов «өрдөк эти» чуулуу иши боюнча кармалды

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 2459 | 0

Финансы полициясынын төрагасынын мурунку орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөт аппаратынын жетекчисинин мурунку орун басары Бакытбек Калмуратов кармалганы айтылып жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жеке булактарына таянып, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин жазышты.

2019-жылы «Кактус Медиа» басылмасы өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Калмуратов жана Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алышы мүмкүн деген маалымат жарыялаган. Алардын Кыргызстанга аткезчилик менен өрдөк этин ташуу ишине байланышы бар экени айтылган.

Бул окуядан кийин ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бакыт Калмуратовду кызматынан четтеткен. Финансы полициясы аткезчилик ишине Эмил Жамгырчиевдин тиешеси жок экенин билдирген.

19-октябрда Эмил Жамгырчиев Финансы полициясынын төрага орун басарлыгынан бошотулду. Ал 2018-жылдын апрель айында мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Финполун төрагасынын орун басары болгон.

Бөкөшов: Аткезчиликти колдогон бийлик өкүлдөрү бар экенин жөнөкөй адамдар да айтат

Copyright © 2017 Maral FM