Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабахка Сириядан миңге жакын согушкер келди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 387 | 0

Тоолуу Карабахтагы жаңжалды басуу үчүн Сириядан миңге жакын согушкер келгени кабарланды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

«РИА Новости» агенттигине белгисиз адам тарабынан: «»Өткөн жумада Тоолуу Карабахка миңге жакын согушкер жөнөтүлдү, жакын арада дагы ушунча согушкердин келери күтүлүп жатканы боюнча маалымат алдык», — деген билдирүү түшкөн.

Буга чейин Сириянын президенти Башар Асад «РИА Новостиге» берген маегинде Түркия мамлекети террордук топторду пайдаланып, Сириядагы согушкерлерди Тоолуу Карабахка жөнөтүп жатканын айткан.

Орусия Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин эл аралык террордук уюмдардын жүздөгөн-миңдеген жалданма аскерлери, радикалдык топтор чыр-чатак чыккан аймакка активдүү тартылып жатканы боюнча маалыматтар келгенин ырастаган.

Белгилей кетсек, Армения менен Азербайжандын чек арасы болгон Тоолуу Карабах аймагындагы куралдуу кагылыш 27-сентябрдан бери токтобой келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM