Биз менен байланышыңыз

Ала-Букадагы алтын кендин имараты өрттөндү (сүрөт)

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 498 | 0

Бүгүн, 19-октябрда саат 10:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы алтын-кен ишканасына таандык имараттан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имараттын өрттөнүп жатканы боюнча кабар ӨКМдин Ала-Бука райондук бөлүмүнө саат 10:20 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Чаткал райондук №79 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 10:35те Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Өрт «Иштамберди» алтын кениндеги «Фулл Голд Майнинг» тоо кен компаниясынын фабрикасында чыкканын ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы ырастады.

Болжол менен эки сааттан кийин өрт курчоого алынган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM