Биз менен байланышыңыз

Түркия «Тулпар» согуштук унаасынын жаңы сериясын чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 397 | 0

Түркиянын «Отокар» компаниясы «Тулпар» жөө аскердин согуштук унаасы — танканын (БМП) кезектеги сериясын чыгарды. Бул тууралуу «Анадолу» сайты жазды.

Маалыматка ылайык,  аталган согуштук унаа Түркия президентинин администрациясынын алдындагы аскердик өндүрүштү колдоо башкармалыгынын көмөгү менен чыгарылган. «Отокар» компаниясынын башкы директору Сердар Гөргүчтүн айтымында, «Тулпар» деген аталыш «Манас» эпосундагы баатырлар минген аттардан улам алынган, тактап айтканда, баатырлардын жоого минген аттары тулпар деп аталарын, мындан улам согуштук унааны да «Тулпар» атоо идеясы келип чыкканын маалымдаган.

Аталган согуштук унаа кургактагы аскерлердин жана атайын күчтөрдүн муктаждыктарына ылайык жасалып, «НАТО — STANAG 456нын» талаптарына толук жооп берет. Ошондой эле бардык соккуга, мина, граната сыяктуу жарылуучу заттарга туруштук бере алат жана ар кандай аба чабуулунан коргонууга өтө ыңгайлуу. Минемёттук системасы 7,62 миллиметрден 120 миллиметрге чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM