Биз менен байланышыңыз

Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткан 6 кыргыз кармалды

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 1040 | 0

«Карасу» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Казакстан тарапка мыйзамсыз өтүп бараткан Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Казакстан чек ара кызматынын маалыматына таянып, «Zakon.kz» басылмасы жазды.

Маалым болгондой, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстандан келаткан «Mercedes-Benz» кичибусун «Карасу» бекетинен Казакстандын чек арачылары тосуп, текшерүүгө алган. Кичибуста паспорт көзөмөлүнөн жашынып, эч кандай каттоого турбастан, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 6 жараны болгон.

Учурда кичибустун айдоочусуна жана ичиндеги кыргыз жарандарына карата кылмыш иши козголду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM