Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова медкызматкерлер менен онлайн кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 446 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги вице-премьер-министр Аида Исмаилованын катышуусунда облустардагы саламаттыкты сактоо боюнча координаторлор жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери менен онлайн кеңешме өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө коронавирустук инфекция боюнча облустардагы абал талкууланып, координаторлор республикадагы COVID-19 илдети боюнча жалпы абал, жеке коргонуучу жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоо тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле эл ичинде эпидемияга каршы чаралар сактабай, ар кандай жыйындарга, иш-чараларга көп барып жатканы айтылды, бул COVID-19 илдетинин тез жайылышына түрткү бериши мүмкүн. Себеби аталган тумоонун өөрчүү мезгилин эске алсак, вирустун бар экени эки жумада билинет. Мындан улам айрым жарандардын башкаларга да жуктуруу коркунучу жогору.  

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бардык жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, меджабдуулар, дары-дармек жетиштүү деген маалымат берип жатышканын, бирок айрым мүчүлүштүктөр да бар экенин айтты.

«Штабдын жыйынында бардыгы жетиштүү деген маалымат берип, учурда башка маалымат берип жатасыздар. Туура эмес маалымат берген тараптар жоопкерчиликке тартылатБейтаптарды дарылоо маселесине тыкыр мамиле кылууну өтүнөм, себеби вирустан каза болгондордун саны жогорулоодо. Оору жугузуп алган медициналык кызматкерлер көбөйүүдөМен инфекциялык көзөмөл боюнча ишти күчөтүүнү талап кылам»— деди Аида Исмаилова.

Кеңешмеде мындан тышкары Ош облусунда, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында, ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында да оору жугузгандар көп экени маалымдалды. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM