Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 336 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. Бул тууралуу «Спутник Тажикстан» маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, аталган күнү Тажикстандын парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн парламенттин биргелешкен жыйынында ант бериши керек.

Белгилей кетсек, 11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо өтүп, Эмомали Рахмон катышкан шайлоочулардын 90,92 %ынын добушуна ээ болгон. Бул эгемен Тажикстандын тарыхындагы алтынчы жолку президенттик шайлоо, анын бешөөндө Эмомали Рахмон жеңишке жетишкен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM