Биз менен байланышыңыз

Кандын кайсы тобуна коронавирус жугуу коркунучу жогору?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 19980 | 0

Немис жана норвегиялык окумуштуулар адамдын канындагы айырмачылыктын коронавируска тийгизген таасири боюнча изилдеп көрүштү.

Алардын биринчи изилдөөсүнүн натыйжалары 17-июнда «New England Journal of Medicine» басылмасына жарыяланды. Андан кийин жарыяланган эки изилдөө да илимпоздордун жыйынтыктарын тастыктаганын «Deutsche Welle» билдирди. Окумуштуулар Италия жана Испаниядан келген, COVID-19 менен ооруган 1610 бейтаптын ДНК молекулаларын изилдешкен.

Көрсө, каны II топко (А тобуна) кирген адамдарда COVID-19дун оор түрүнө чалдыгуу коркунучу кыйла жогору, тактап айтканда, каны I топко (0 тобуна) кирген адамдарга салыштырмалуу эки эсе көп экен.

Тескерисинче, каны I топко кирген адамдарда COVID-19 инфекциясынын оор түрүнө кабылуу коркунучу эң төмөн. Дал ушул топтогу донордун каны универсалдуу, тагыраак айтканда, бардык реципиенттерге ылайыктуу.

14-октябрда адистештирилген «Blood Advances» басылмасы дагы эки изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда германиялык жана норвегиялык окумуштуулардын коронавирус жуккан учурда каны I топко кирген адамдарда оору жеңилирээк түрдө өтөт деген тыянактары тастыкталды. Азыр мунун себебин Грацтын медициналык университетинин окумуштуулары издеп жатышат. Бул изилдөөлөрдүн натыйжалары SARS-CoV-2, SARS-19 пневмониясын дарылоодо олуттуу таасир этет.

Бул — адамдын канындагы айырмачылыктын коронавируска тийгизген таасири боюнча изилдөө, байкоолор башка ооруларга да тиешелүү. Мисалы, каны I топко кирген адамдарда безгектин оор түрү сейрек кездешери байкалган. Карама-каршы мисалдар дагы бар: каны II топко кирген адамдар чума оорусуна жакшы туруштук бере алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM