Биз менен байланышыңыз

COVID-19 дагы 431 адамга жукту, 208 бейтап айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 381 | 0

Бир сутка ичинде 431 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Республикалык штаб маалымдагандай, муну менен илдет илээштиргендердин жалпы саны 51 миң 20 адамды түздү. Алардын 20сы медициналык кызматкер.

Акыркы суткада стационардан 2, үй карантининен 13 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3508 учур катталды, алардын ичинен 3128 медкызматкер айыгып чыкты.

Акыркы суткада катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 70
  • Ош — 4
  • Чүй облусу – 34
  • Ош облусу — 147
  • Талас облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Жалал-Абад облусу – 65 
  • Баткен облусу — 52

Сутка ичиндеCOVID-19 илдетинен жана пневмониядан 4 бейтап каза болду.

  • Ош облусу – 2
  • Баткен облусу – 2

Жалпы: 1103 

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда COVID-19 илдетинен 208 бейтап сакайып чыкты.

  • Бишкек – 32
  • Ош шаары – 14
  • Чүй облусу – 20
  • Ош облусу – 45
  • Талас облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 58
  • Баткен облусу – 32

Айыгып чыккандардын жалпы саны: 45 288

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM