Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров менен Исаевди кабыл алды

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 1479 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана өлкөнүн премьер-министри Садыр Жапаров менен жолугушту.

Мамлекет башчы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты. 

Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна, ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын белгиледи. 

Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды да иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин белгиледи.

Жапаров: Президенттин кызматтан кетиши бүгүн чечилет

Copyright © 2017 Maral FM