Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Паспортко улут графасы кайра киргизилет

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 968 | 0

Жалпы жарандык паспортко «улуту» деген графа кайра киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда массалык маалымат каражаттары менен болгон жыйында билдирди.

«Мекенчил» партиясы шайлоонун алдында «Паспортко «улуту» деген графаны кайра киргизебиз» деген убада бергенбиз. Ошол убаданы аткаруу үчүн бүгүн атайын тапшырма бердим. Мамлекеттик каттоо кызматы 60 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөт сурашты. Бирок улутун жаздыруу адамдын өзүнүн ыктыярына коюлат. Ким кааласа, жаздырат, каалабаса, жаздырбай да койсо болот», — деди өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 1-майынан тартып, Кыргызстандын жарандары биометрикалык-электрондук паспортко өткөн. Ал жерден айрым графалар, анын ичинде «улуту» деген графа паспорттон алынып салынган. Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги төрагасы Тайырбек Сарпашев муну улут аралык бөлүнүүгө бөгөт коюу деген жүйө менен түшүндүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM