Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамы жана түзүмүн бекитүү тууралуу маселени карашат.
Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.
10-октябрда депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка шайлашкан. Бирок кийинчерээк бул жыйында кворум болбогону айтылган.