Биз менен байланышыңыз

Армениянын ТИМи ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары менен жолугушууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 225 | 0

Армениянын Тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Москвада Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары менен жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу «РИА Новостиге» Армениянын Орусия Федерациясындагы элчилиги маалымат берди.

«Жолугушуу Тышкы иштер министрлигинин Спиридоновкадагы кабыл алуу үйүндө өтүп жатат», — деп билдирди агенттиктин булагы.

Учурда ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары — Игорь Попов (Орусия), Стефан Висконти (Франция) жана Эндрю Шефер (АКШ).

Буга чейин Шефер, ошондой эле Москвада жүргөн ЕККУнун иштеп жаткан төрагасынын Тоолуу Карабах боюнча жеке өкүлү, элчи Каспржик Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушканы маалымдалган.

Мнацаканяндын Москвага сапары (11-13-октябрь) Тоолуу Карабахта кезектеги жана эң ири курчуштун фонунда болуп жатат.

9-октябрда Азербайжан менен Армениянын Тышкы иштер министрлери Орусия Федерациясынын президентинин чакыруусу менен Москвага келишип, 10 сааттан ашык сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Натыйжада, Ереван менен Баку 10-октябрь саат 12ден баштап, Карабахта ок атышууну токтотууга, туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмашууга, ошондой эле элдешүүнүн конкреттүү деталдары боюнча макулдашышкан. Бирок ишемби күнү тараптар бири-бирин «макулдашууну бузду» деп айыптай башташты.

Карабахтагы байланыш линиясындагы уруштар 27-сентябрда башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM