Биз менен байланышыңыз

Беларусия: Минскиде «Чоң апалар эл менен» маршы өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 365 | 0

Минск шаарында президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акциялары уланууда. Дүйшөмбү күнү демонстранттар жолдорду жаап, тосмолорду орнотуп, дөңгөлөктөрдү өрттөштү.

Түштөн кийин шаарда «Чоң апалар эл менен» деген ураан менен пенсионерлердин жөө жүрүшү болуп, ага студенттер кошулду. Полиция көздөн жаш агызуучу газ жана гранаталарды колдонуп, аларды кармоого киришти.

Укук коргоочулар дүйшөмбү күнү кечинде 67 адам кармалганын, алардын арасында катуу сабалгандар бар экенин маалымдашты. Бул тууралуу «Tut.by» порталы жазды.

Өлкөнүн Ички иштер министринин орун басары Геннадий Казакевич коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок чыгарууга даяр экендигин билдирди.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматкерлери көчөдөн чыгышпайт, керек болсо атайын техникаларды жана аскер куралдарын колдонушат», — деди ал.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери Александр Лукашенкого каршы жеке санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM