Биз менен байланышыңыз

«Google» «YouTube’ду» соода аянтчасына айлантат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 295 | 0

«Google» «YouTube’ду» видеодо көрсөтүлгөн буюмдарды сатып ала турган базарга айлантууну самайт. Бул тууралуу «Bloomberg» өздүк булактарына таянуу менен билдирди.

«YouTube» мындай мүмкүнчүлүктү чектелген каналдарда сынап жаткандыгын ырастады.

«Google» бир нече айдан бери «YouTubeду» соода аянтчасына айлантууга үндөп келет. Компания 2020-жылы электрондук соода жана төлөмдөр бөлүмүн жаңылады. Июль айында ал «Google Shopping» платформасына сатуучуларды тартуу планын жарыялаган. Мындан тышкары, жакында «YouTube» видеороликтердин авторлорунан табакта көрсөтүлгөн азыктардын маркировкасын колдонууну суранды.

«Bloomberg» «YouTubeду» соода аянтчасына айлантуу аны «Amazon» жана «Alibaba» сыяктуу ири интернет компаниялардын деңгээлине жеткириши мүмкүн экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM