Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Чехияда кырдаал курчуп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 269 | 0

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын кескин курчуп кеткендигине байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңеши менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу «ВВС» билдирди.

Чехияда эки жуманын ичинде бейтаптардын орточо саны 493төн ашты. Бул — пандемия башталгандан берки жана учурда Европадагы эң жогорку көрсөткүч.

Ошол эле учурда, экинчи улуттук карантинди киргизүү жөнүндө сөз жок. Чех бийлигинин айтымында, азыркы этапта чектөө чараларын гана колдонуу акылдуулукка жатат. Мисалы, соода борборлоруна акысыз интернет кызматын өчүрүүгө буйрук берилген, бул өспүрүмдөрдү мындай жайларга чогулуу идеясынан баш тартууга түртөт.

Чехияда ресторандар бир жумадан ашык убакыттан бери кечки саат сегизге чейин чектелген режимде иштеп жатышат. Дүйшөмбү күнү Бабиш адамдар ал жакка достору менен сүйлөшпөстөн, тамактануу үчүн гана келиши үчүн спирт ичимдиктерин сатууга убактылуу тыюу салууну сунуш кылды. Бирок рестораторлор ассоциациясы бул чарага каршы болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM