Биз менен байланышыңыз

Британия ооруканалардагы керебеттердин тартыштыгын эскертүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 232 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү чараларын катаалдаштырууну жана Англияда колдонула турган үч баскычтуу чектөө тутумун киргизүүнү жарыялады. Бул тууралуу «Euronews» билдирет.

Ошол эле учурда, Британия бийлиги жалпы улуттук карантин киргизүүнү көздөбөйт. Акыркы үч жуманын ичинде өлкөдө күн сайын аныкталган инфекциялардын саны төрт эсеге көбөйүп, 4 миңден 16 миңге жетти.

«Бүгүн Улуу Британиянын ооруканаларындагы бейтаптар өлкө боюнча карантин киргизилген 23-марттан алда канча көп. Тилекке каршы, каза болгондордун саны кайрадан көбөйүүдө. Бул сандар коңгуроо болуп саналат жана биз азыртадан аракет кылышыбыз керек», — деди Джонсон.

Шаршембиден баштап, эң катуу чаралар Мерсисайд округунда жана анын ири шаары Ливерпулда киргизилүүдө. Ал жерде барлар, спорт залдар, бассейн, казинолор жабылат. Чектөө планы төрт жумада бир каралып турат. Джонсон иштей албаган ишканаларга каржылык жардам көрсөтүү программасы дагы жарым жылга узартылып жаткандыгын айтты.

Эң көп жабыр тарткан аймактардын башчылары жакын арада ооруканаларда COVID-19 жугузгандар үчүн керебет тартыш болорун эскертишүүдө.

Быйыл жазында ишке киргизилген, бирок негизинен каралбай калган «Найтингейл» талаа ооруканалары ишин улантууга тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM