Биз менен байланышыңыз

Бишкекте коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин уланат

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 604 | 0

Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кечки 22:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары, бардык жарандар өзгөчө абалдын талаптарына баш ийиши керек.

Бишкектин аймагында 12-октябрдан 19-октябрга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

-Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат. 

-Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлөт.

Бишкектин аймагында бир топ өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөө болуп, алардын кошумча милдеттери аныкталат. Шарттары төмөндөгү шилтемеде: 

9-октябрда президенттин атайын жарлыгы менен Бишкектин аймагына өзгөчө абал кирген. Бирок бул чечимди Жогорку Кеңеш үч күн ичинде карашы керек болчу. Парламент бул маселени карабагандыктан, борбор калаанын аймагына кайрадан өзгөчө абал кирди.

Copyright © 2017 Maral FM