Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин кароодо. Жапаров өкмөттүн азыркы курамы өзгөрбөстөн каларын билдирди.
Учурда парламентин жыйыны өтүүдө. Аны вице-спикер катары Мирлан Бакиров жетектеп жатат. Күн тартибинде жаңы депутаттын ант берүүсү, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү жана жаңы өкмөт курамын бекитүү маселеси каралууда. Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.