Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт

Кыска кабар | 10 Окт 2020 | 507 | 0

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат бөлүмүнүн башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Кезексиз жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында саат 16:00гө өтөт. Аны КТРК, «Пирамида», «ЭлТР» телеканалдары түз чагылдырып берет.

Буга чейин маалым болгондой, жыйында Өкмөт башчыны шайлоо, Өкмөттүн жаңы курамын кароо, «Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө» Президенттин жарлыгын талкуулоо жана башка да бир катар маселер каралары күтүлүүдө.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM