10-октябрга алынган маалымат боюнча, өткөн суткада 307 бейтаптан коронавирус илдети аныкталып, 5 адам каза тапты. Каза тапкандардын экөө Бишкек шаарынан, үчөө Ош облусунан. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Аймактык бөлүнүштөр боюнча:
Бишкек шаарында — 53;
Ош шаарында — 17;
Чүй облусунда – 16;
Ош облусунда — 69;
Талас облусунда – 7;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 12;
Жалал-Абад облусунда – 59;
Баткен облусунда — 71 жаңы учур катталган.
Өлкө боюнча өткөн суткада 130 адам айыгып чыкты. Учурда 1 642 бейтап ооруканада, 1 520 бейтап үй шартында дарыланууда.