Марал Радиосу

COVID-19: 307 адамдан илдет табылып, 5 бейтап каза болду

10-октябрга алынган маалымат боюнча, өткөн суткада 307 бейтаптан коронавирус илдети аныкталып, 5 адам каза тапты. Каза тапкандардын экөө Бишкек шаарынан, үчөө Ош облусунан. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Аймактык бөлүнүштөр боюнча:

Бишкек шаарында — 53;

Ош шаарында — 17;

Чүй облусунда – 16;

Ош облусунда — 69;

Талас облусунда – 7;

Нарын облусунда – 3;

Ысык-Көл облусунда – 12;

Жалал-Абад облусунда – 59;

Баткен облусунда — 71 жаңы учур катталган.

Өлкө боюнча өткөн суткада 130 адам айыгып чыкты. Учурда 1 642 бейтап ооруканада, 1 520 бейтап үй шартында дарыланууда.

Exit mobile version