Биз менен байланышыңыз

Президент: Өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн баарын жасайм

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 1062 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештерим!

Айрым саясатчыларыбыздын ашынган амбициясынан улам жарандарыбыздын тынч жашоосуна, мамлекетибиздин тынчтыгына бүлүк салынды.

Саясий чакырыктар менен биргеликте өлкөнүн биримдигине, коомдун тынчтыгына доо кетирген чагымчыл чакырыктар жасалды.

Кыргызстаныбыздын тагдыры коркунучка кептелди.

Кадырман калкым!

Элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек.

Ошондуктан, өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди.

Бүгүн атайын Жарлыкка кол койдум.

Конституциялык укуктарымдын алкагында Президент катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм.

Мени өлкөнүн акыл-эстүү жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Сыртта карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Антпесе, мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу реалдуу болуп турат.

Жараткан Кудайым сүйүктүү Кыргызстаныбызды өзү колдоп, элибиз аман болсун!».

1 пикир

1 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    10.10.2020 20:02

    Ушундайга жеткирген кучу жок бийлик. Ачык эле айтып жатышты элди сатып алабыз деп, сатуу болду бийлик мыйзам бузууга коз жумду, эл айласы кеткенде оз укугун коргоп чыкты.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM