Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан бошотулду

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 780 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Опумбаев Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык иштен алынды.

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды. Президенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, бул азыркы өкмөттүн курамы да кетти деп эсептелет.

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына 2019-жылдын 18-июнь күнү дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM