Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Бороновдун өкмөтү отставкага кетти

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 782 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновдун премьер-министрлик кызматынан кетүү тууралуу жазган арызын кабыл алды.

Президенттин расмий сайтынын маалыматы боюнча, бул азыркы өкмөттүн курамы да кетти деп эсептелет.

Өлкө башчынын буйругу кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 65-беренесине, 87-беренесинин 1,2,3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Респубикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүүсү кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Жарлыкка ылайык, отставкага кеткен Өкмөттүн курамы кызматтык ишин Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп келгенге чейин убактылуу милдетин аткаруучу катары аткара беришет.

Copyright © 2017 Maral FM