Биз менен байланышыңыз

Төрт саясий партия Бабановду премьер-министрликке сунуштады

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 4664 | 0

Төрт саясий партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштады. Биринчи вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди көрсөтүштү.

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» партияларынын лидерлери «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюшту.

Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, легитимдүү түрдө, шайлоо аркылуу бийликке келүү туура экенин айтты.

Ал өкмөт башчылык кызматын басып алууга аракет кылгандарды сындап, өлкөдө адилеттүүлүк орношу керектигин айтууда.

Төрт саясий партия маалымат жыйынын өткөрүүдө (видео)

Copyright © 2017 Maral FM