Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин кайра териштирүүгө жөнөттү

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 1959 | 0

Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин кайра териштирүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Сот Садыр Жапаров менен анын адвокаты З. Базарбековдун мурунку өкүмдөрдү жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кайроо боюнча берген арызын карады. Башкы прокуратуранын өкүлү да бул өтүнүчтү канааттандырууну суранган.

Натыйжада Кылмыш-процессуалдык кодексинин 442-445-беренесинин жана 446-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде Садыр Жапаровго карата мурда чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишин сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген айып менен 2017-жылы кармалган. Ал 2019-жылы Жогорку сот тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгын тааныбаган тараптар нааразылык акциясына чыгып, ал башаламандыктар менен коштолду. Бул аралыкта абакта жаткан бир топ саясатчы эркиндикке чыкты.

Анын катарында саясатчы Садыр Жапаров да бар. Аны Жогорку Кеңештин 62 депутаты өкмөт башчылыкка көрсөтүштү. Жапаров буга чейин Жогорку соттун чечими менен акталганын, анын негизинде премьер-министр кызматына талапкер боло аларын айткан.

8-октябрда Коопсуздук кеңеши Садыр Жапаровдун жан сакчыларын жана кызматтык унаасын алып койгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM