Биз менен байланышыңыз

Абдылдаев президентке импичмент тууралуу эскертти

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 5026 | 0

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, бул сүйлөшүү президент тараптан демилгеленген.

Анда Мыктыбек Абдылдаев азыркы убакта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү үчүн бардык аракетти жасап жатканын, депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын айтты. Ошондой эле айрым эл өкүлдөрү президентти кызматтан четтетүү процедурасын баштаганын эскертти.

«Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи. Анткени өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн. Калган партиялар шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын таанышкан эмес.

Бул себептен партия лидерлери, тарапташтары 5-октябрда нааразылык акциясына чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон эл да митингчилерге кошулуп, массалык түрдө нааразылыктар уланып жатат.

Нааразылык акцияларында «шайлоонун жыйынытыгы жокко чыгарылсын» деген талаптар коюлуп жаткан, кийинчерээк президенттин отставкасын да талап кыла башташты.

Бул аралыкта өкмөт башчы, парламент спикери алмашты.

Copyright © 2017 Maral FM