Connect with us

Парламенттик шайлоо декабрь айында өтүшү мүмкүн

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 989 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, парламенттик шайлоо кайра качан өткөрүлөрүн түшүндүрдү.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы эгер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарса, кайра өткөрүлө турган шайлоо күнүн 1 айдын ичинде белгилөөгө милдеттүү.

«Бирок мурда шайлоо өнөктүгүн 90 күн ичинде өткөргөн болсок, мунусунда аны 60 күн ичинде өткөрүшүбүз керек», — деди Осмоналиев.

Ал эми мыйзам бузууга жол берип, шайлоону жокко чыгарууга аргасыз кылган партиялардын жана андагы талапкерлердин ар бирине чара көрүлөт.

«Биз канча мыйзам бузуу болгону тууралуу маалымат алдык. Ар бир мыйзам бузуу каралып, алар боюнча өзүнчө чечим кабыл алабыз. Участкалык шайлоо комиссияларынын иши боюнча аймактык шайлоо комиссияларына арыздануу керек. Ага 3 күн берилет. Аймактык шайлоо комиссияларынын иши боюнча БШКга эмес, сотко кайрылуу керек. Ага да 3 күн берилет. Биз шайлоону ушул жылдын аягына чейин, менимче, декабрь айында өткөрөбүз», — дейт БШКнын мүчөсү.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өткөн. Калган партиялар шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, жыйынтыгын таанышкан эмес.

Бул себептен партия лидерлери, тарапташтары 5-октябрда нааразылык акциясына чыгышкан. Шайлоонун жыйынтыгына каршы болгон эл да митингчилерге кошулуп, массалык түрдө нааразылыктар уланып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM